alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

КУРАН: Үйлөрдүн эң начары — жөргөмүштүн үйү

Эмне үчүн Ыйык Куранда үйлөрдүн эң жаманы жөргөмүштүн үйү деп айтылат? Муну илим дагы далилдеди.

Алгач, Курандагы сүрөлөрдү окуйлу. Анкабут сүрөсү (Жөргөмүш сүрөсү) сүрөсү, 41-аят:

“Өздөрүнө Аллахтан башканы жакын кылып алгандардын мисалы, өзүнө уй курган жөргөмүш өңдүү. Анткени, эгер алар билишкен болсо, үйлөрдүн эң начары-жөргөмүштүн үйү”.

Бул аятта токтоло турган 2 маанилүү жер бар.

1- Аяттагы “жөргөмүш” сөзү ургаачы жөргөмүшкө карата айтылууда, “үй курган” деген мааниде. Демек, бул аятта Аллах Таала жөргөмүштүн үйүн анын ургаачысы курарын билдирүүдө. Адатта, жаныбарлардын үйүн эркектер курса, жөргөмүштөр ааламында бул көрүнүш тескерисинче экен. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жөргөмүштүн үйүн эркеги эмес, а ургаачысы курары маалым болгон. Курандын бул керемет акыйкатын азыркы күндүн илими тастыктап отурат.

2 — Жаныбарлар дүйнөсүндө эркеги ургаачысына салыштырмалуу күчтүүрөөк болору баарыбызга белгилүү. Жөргөмүштөр ааламында болсо ургаачысы эркегине караганда дагы да чоң, дагы да күчтүү болот экен. Жаныбарлар үйлөрүн коргонуу, ар кандай зыяндуу нерселерден оолак болуу үчүн курса, жөргөмүштөр үйүн башкаларга зыян берүү, жок кылуу, анын желесине адашып келип калгандарды жем кылыш үчүн тузак катары курат. Көрсө, ургаачы жөргөмүш эркеги менен аргындашкан соң эркегин жеп салат экен. Эгер эркек жөргөмүш аргындашкандан кийин дароо качып кетсе, өлүмдөн кутулат. Кача албай калса, өз үйү өзү үчүн мүрзөгө айланат. Демек, жөргөмүштүн үйү башкалары үчүн эле эмес, эркеги үчүн да кооптуу жай катары саналат. Ошондуктан, аятта айтылган үйлөрдүн эң начары — бул жөргөмүштүн үйү.

Ыйык Куран галактикалардан тартып, деңиздин астындагы тоолорго чейин, жылдыздардын орбитасынан тартып, жөргөмүштүн үйүнө чейин айтып берет.

Куран эч качан жаңылбайт жана эскирбейт. Тескерисинче күн өткөн сайын аяттардын жаңы маанилери ачыкка чыгып жашарып турат.

Булак
Рисале –и -Нур чыгармалар жыйнагынан которулду

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button