alternatetext Багымдат: 04:12 | alternatetextКүн чыгуу: 05:59 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:58 | alternatetextШам: 20:03 | alternatetextКуптан: 21:51
Жаңылыктар

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун жардамы менен 16 мектеп курулат

Кечээ жакында Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен мектептердин курулушу боюнча алдыдагы пландарды талкуулады.

Бул тууралуу бүгүн, 28-январда министрликтен маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө, билим берүү тармагындагы жетишилген келишимдер талкууланды.

«Калк жашаган пункттарда жайгашкан авариялык абалда турган объекттер, жаңы мектептердин курулушундагы приоритет болуп эсептелет. Билим берүүнүн азыркы бюджетинде бизге курулуштар жана баардык билим берүү объекттерин оңдоп-түздөөгө дайыма каражаттар жетишпейт. Биздин өнөктөштөрдүн аракети бизге чоң жардам берет», — деди Сариева.

Министрдин белгилешинче, курулушу пландалган 16 мектептин бирөөсү Бишкек шаарында жайгашат.

Булак
"Акипресс"

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Ма ша алла Саид устаздан Аллах ыраазы болсун!!!!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button