alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
МакалаларТарбия

ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ЖЕТИ ЧЫНДЫК

 

Бир учурларда илим-билимдин артынан сая түшүп, өмүрүн сабаттуу болууга, акыйкатты издеп табууга арнаган бир пенде устатына 20 жылдан ашуун убакыт кызмат кылат. Бир күнү устаты шакиртин жанына чакырып, андан эмнелерди үйрөнгөнүн сурайт. Ошондо шакирти эч нерсеге алмашкыс <<Жети чындыкты>> үйрөнгөндүгүн мындайча тизмектетип айтып берет:

☝?Биринчиси:Жашоодо адамдардын чын көңүлдөн сүйүп, дос күткөн нерселеринин дээрлик баары, тилекке каршы, жарым жолдо жалгыз таштаганын байкадым. Мындан улам, бул дүйнөдө эле эмес, тиги дүйнөгө сапар тарткан учуруңда да сени жалгыз-жарым калтырбаган, ишенимдүү, чыныгы досту издедим. Ал эми чыныгы дос деген өз ээсине кайтарымдуу, пайдалуу, жакшы иштер экенине көзүм жетти. Булар түбөлүктүү өмүр жолундагы адам баласынын эч түгөнбөгөн жан азыгы жана чыныгы достору болуп эсептелет.

☝?Экинчиси:* Көпчүлүк адамдар ушул беш күндүк өмүрүндө байлыктын артынан сая түшүп, мал-мүлк топтоонун аракетинде болушат. Топтогон байлыгын атайын сактоочу жайларда сакташып, атүгүл, жоготуп албоо үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшөт. Айрымдарына байлыгына, атак-даңкына, аброюна жана сулуулугуна чиренишсе, а мен болгон байлыгымды жана күчүмдү Жараткан Аллах Таала ыраазы болгон иштерге жумшоону, көңүлүмдү жалныз гана Аллах Тааланын сүйүүсүнө арноону үйрөндүм.

☝?Үчүнчүсү:Бул жалганда адам баласы көбүнесе көрпенделик кылып, байлык, мансап, атак-даңк үчүн башкалардын эле эмес, өз абийирин дагы аштай төгүп, арзыбаган нерселерге жетүүгө жан үрөп келишет. Атүгүл, адамдардын көпчүлүгү атак-даңкка жетүү үчүн ыплас жолжорду пайдаланышып, башкаларды басмырлаганга чейин барышат. Арийне, көз ирмемчелиу бул дүйнөдө адам баласы акыл калчап, адептүү болуп, жамандыктан сактанып, жакшылыкка жанашуу аркылуу гана өзүнүн кимдигин сактап калаарын байкадым._

☝?Төртүнчүсү:Адам баласы эртели-кнч бири-биринин кемчиликьерин аңдуу менен алектенгенин жана балдай ширин жашоосун ууга алмаштырып жатканын көрдүм. Терс көрүнүштөрдүн негизги булагы- менменсинүү, өшүм билемдик, көралбастык жана текеберлик сыяктуу жаман сапаттар экенин байкадым. Ошонжо жан дүйнөмдү аруулап, бардыгы менен достошуп, бакубат турмушта кубанычка бөлөнүп, терең ишенимде жашоонун жолун таба алдым.

☝?Бешинчиси:Адамдар эмнегедир өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин себебин дайыма башкалардан издешет, башкаларды айыптаганга аракеттенишет. Ошентип, кемчиликтерден кутулууну ойлошот. Чындыгында, адам баласынын башына кандайжыр бир жамандык келсе, баары өздөрүнүн жасаган иштеринин айынан экенин билишпейт. Мына ушулардын баарын туюп, өзүмдү өшүм таразалап, напсилеримдин каалоолорун тыйып, жаман жоруктарга баш бакпоого, жамандыктын торуна түшпөөгө аракеттендим._

☝?Алтынчысы:Адам баласы бир сындырым нан үчүн жана көртирликтин айынан жаман-жакшыны ылгабай, түрдүү зорлук-зомбулуктарга барышууда. Мындайлар, биринчиден, башкалардын акысын жеп, жокчулукка кириптер кылып, күнөөгө батып жатышкан болсо, экинчиден, ушул жоругу үчүн улам ойлондуруп, кейитип, түйшөлткөн азапка туш болушат. А бирок чындыгвнда, адам баласы уруш-талашсыз, ынтымак-ырашкерликте жашаганда, Кудайдын берген ырыскысына каниет кылып, ысырапсыз пайдаланганда, баары бакубат турмушта жашамак.

☝?Жетинчиси:Адам баласы бул дүйнөдө дайыма бирөөнө таянууга жана ишенүүгө муктаж. Айрымдар чыныгы бейпилдикти, бакытты байлыктан, мансаптан, сымбаттан ж.б.у.с. утурумдук муктаждыктардан издегендиктен, аларга толугу менен ишенип, туруктуу таяныч катары карашат. Мен болсо Аллаз Таалага болгон бекем ишенимим, Ага болгон тунук сүйүүм аркылуу негизги таянычты таба албадым, жалгыз гана Аллахтан жардам сурадым. Мына ошентип, чекстз ишенимди жана бейпилдикти, бакытты жолуктурдум…

Шакиртинин <<Жети чындыгын>> баштан аяк кунт коюп уккан устаты мындай дейт: «Баракелде, уулум! Абдан таамай белгиледиң. Адам баласын бул дүйнөдө жана Акыретте чыныгы бакытка алып баруучу нерселердин баары сына ушул сен айткан жети чындыктын айланасында экенин баамдадым.

????????

?Даңк жакшы, бирок былыгы чыкса балжып кетет. {А.Доде}

?Даңк- пайдасыз байлык; кымбатка туруп, бат чирийт. {О.Бальзак}

?Бирөөнүн бактысына сук арткан адам, эч качан бактылуу болбойт. Өзүңдөн озуп кеткен адамдар оюңа келгенде, өзүңдөн артта калгандардын тагдырын ойлоп көр. {Сенека}_*

????????

? Турмуш сабактары…

?‍?‍?‍? Бактылуулук формуласы

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button