alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Жаңылыктар

Ошто орозо айында айрым коомдук унаалар акысыз каттайт

Ош шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу аталган каттамдын бригадири Матраим Асанов билдиргендигин Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, эртеңден тарта күнүнө экиден маршрутка кезектешип жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.

«Өлкөдө жол кырсыктары көп катталып жатканына байланыштуу орозо айында элден бата алуу максатында ушул демилгени көтөрүп чыктык. Буга айдоочулардын баары макул болуп колдоп беришти. Биздин каттамда жалпы 60 маршрутка бар. Бир күнгө экиден маршрутка бөлсөк орозо айы бүткөнгө чейин жетет экен. 107-каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат. Аталган каттамдын айдоочулары буга чейин да кайрымдуулук иштерди уюштуруп келген», — деди Асанов.

Ал эми Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башкы адиси Алимжан Чаланов орозо башталгандан тартып бул демилгеге башка каттамдын айдоочулары да кошулары күтүлүп жатканын билдирди.

«Кабар»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button