alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарФото

Кыргыздын 1000 айымы ак элечек менен бир күндө, бир жерде болуусу Орто-Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданышы күтүлүүдө

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата борбор калаада 1000 айым бир күндө ак элечек кийип, бир жерде олтурушат. Мындай маалыматты аталган долбоордун жетекчиси, белгилүү журналист Элнура Кулуева билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү максатында, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо иретинде өткөрүлүп жатат.

— Биздин иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратуу. Ошондуктан Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, катардагы жарандардын дагы милдети. Андыктан жоопкерчиликти моюнга алуу менен уюштуруу тобу бул иш-чараны өткөрүүгө белсеништи,- дейт Кулуева.

Белгилей кетсек, 1000 айым улуттук баш кийимдерди кийип бир күндө, бир жерде болуу Орто Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданат.

Аталган иш-чара 4-март күнү “Кожомкул” атындагы спорт ордосунда өтөт.

Кирүү акысыз, бирок бир гана шарт менен: кечеге келген энелер, эжелер, карындаштар сөзсүз түрдө ак элечек менен, а жалпы эркектер ак калпак кийип келиши керек.

INTER.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button